Теке 08, 2025
Убакыт: 05:01
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Кант шаарында эскилиги жеткен шпалдар алмаштырылууда

15.03.2023 17:37
547
Кант шаарында эскилиги жеткен шпалдар алмаштырылууда

Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка темир жолундагы эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиевдин айтымында, аталган тилкеде жалпысынан 4 чакырым жыгач шпалдарды темир бетон шпалдарга алмаштырабыз. Бул аптада 1 чакырым бетон шпал орнотулат. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 5 инженердик техника тартылган.


Оңдоо иштери "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык аткарылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн