Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кант шаарындагы "Империя-Пиццы" кафесинин күзөтчүсүн аткан жаран кармалды

Кант шаарындагы "Империя-Пиццы" кафесинин күзөтчүсүн аткан жаран кармалды

Ысык-Ата районундагы “Империя-Пиццы” кафесинде ок аткан адам шектуу катары кармалды. 


    Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай,   2023-жылдын 29-январь күнү Ысык-Ата РИИБнө Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Империя-Пиццы” кафесинин администратору 1982-жылы туулган Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган, себеби 2023-жылдын 29-январь күнү болжол менен саат 05:50 чамасында, белгисиз азиат улутундагы болжол менен 30-40 жаштагы адам, мас абалында коомдук тартипти бузуп, белгисиз үлгүсүндөгү травматикалык тапанча менен, көрсөтүлгөн кафенин 2 кабатынан, кафенин күзөтчүсү, Ысык-Ата районунун тургуну 1984-жылы туулган Т.С. аттуу жаран тарапка бир жолу ок чыгарган, натыйжада күзөтчү Т.С. аттуу жарандын сол далысына тийген. 


       Бул факт Ысык-Ата РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренесине ылайык (бейбаштык) кылмыш иши козголгон.  

 Тергөө учурунда күзөтчү Т.С. өз ыктыяры менен кийип жүргөн кийимдерин, травматикалык тапанчанын гильзасын, бир даана тоголок-желим (резиновый) ок өткөрүп берген, ошондой эле кылмыш иштин алкагында соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалган.


Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү болуп Бишкек шаарынын тургуну 1986-жылы туулган М.М. атту жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 Тергөө уланууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн