Акыркы кезде Кыргызстанда онкологиялык оорулууларга чалдыккан адамдардын саны артып, бул дарттан азап чеккендердин катары калыңдап жатат. Кыргызстандагы жашоо шарттын оордугу, климаттын өзгөрүшү жана адамдардын ден соолугуна болгон кайдыгер мамилеси бир нече мекендештерибизди бул дүйнөдөн мөөнөтүнөн мурда алып кетүүдө. Буга байланыштуу "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттиги акыркы кезде чоң көйгөй болгон онкологиялык оорулардын алдын алуу үчүн же болбосо бул дартка чалдыкпаш үчүн кандай аракеттерди көрүү керек экенине кызыгып Улуттук онкологиялык борбордун дарыгери Кошалиев Азаматка кайрылдык.
Төмөндө адис дарыгердин рак ооруларынын алдын алуу жана андан сактануу жолдору менен бөлүшкөн пикири берилди.
- Алгач статистикага көз чаптыра кетейин. Акыркы жылдары Кыргызстанда гана эмес дүйнө өлкөлөрүндө эркек кишилерде ашказан жана өпкө рагы көп кездеше баштады. Ал эми аялдарда эмчек рагы жана жыныстык мүчөдөгү рак ооруларынын саны көбөйүүдө. Булардын келип чыгыш себебине токтолоюн.
Мунун эң негизги себеби экологиялык жана климаттык өзгөрүүлөр. Мындан сырткары, туура эмес жашоо образы жана туура эмес тамактануу болуп саналат. Ошондой элдин көпчүлүк катмары химиялык азыктарды пайдаланып жаткандыгында. Буларга кошумча адамдар дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасабай чылымдарга көп берилгендигинде болуп жатат.
Адамдардын өнөкөт ооруларынын өз убагында дарыланбай калышы да рак ооруларынын келип чыгышын тездетет. Рак оорулары тукум куучу оорулардын катарын толуктагандыктан адамда оору пайда болбосо да, жок дегенде бир жылда бир жолу текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Бирок ошентсе да ракты козгой турган вирустар азырынча так айтыла элек. Ооруну коштоп кетүүчү гана факторлор айтылып келет.
Оорунун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Биринчи кезекте жыл сайын оору жашаргандыктан бардык адамдар бир жолу толук медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.
Мен Россияда иштеп жакшы адатка дуушар болдум. 40 жаштан өйдө адамдар жумушка кирүүдө сөзсүз онкологиялык борбордон текшерүүдөн өтүшөт экен. Жумуш берүүчү дагы аны талап кылат экен.
Эми эки өлкөдөгү тажрыйбамды салыштыра кетсем. Россияда деле онкологиялык оорулар менен ооруган адамдар көп. Бирок Кыргызстанда оорулуу адамдар өтүшүп кеткен учурда дарыгерге кайрылат. Ал эми Россияда убагында кайрылат.
Бизде оору тууралуу маалымат азбы же элдин билим деңгээли төмөн болуп жатабы, айтор оору күчөп кеткенде келип жатышат.
Алдын алуунун дагы бир жолу туура тамактануу, туура жашоо образы жана оорулуу адам психика-эмоциялык абалга түшпөй өзүн психологиялык жактан оптималдуу кармаш керек.
Кыргызстанда онкологиялык борбор Бишкекте жана Ошто эле бар. Менимче бул жетишсиз. Анткени ооруган адамдардын көпчүлүгү региондордон келгендер. Аларды да өз убагында дарылоо үчүн аймактарга жок дегенде бирден диспансер ачуу керек. Андан сырткары, региондордогу дарыгерлер бул оорунун адиси болбогондуктан туура эмес диагноз коюп коюшу мүмкүн. Ошондуктан атайын адистердин региондордо иштешине шарт түзүп берүү зарыл.
Мен дарыгер катары дагы бир жолу элге кайрылып кетким келет.
Бул оруунун алдын алыш үчүн бир гана убагында дарыгерге көрүнүп туруу керек. Акыркы жылдары бул оору аябай жашарды десем адашпайм. Туура эмес жашоо образы, климаттык өзгөрүүлөр, тамак-аш, стресс аябай түрткү болуп жатат.Менин оюмча жылына бир жолу күчтүү адистерди региондорго жөнөтүп калкты текшерүүдөн өткөрүп, жергиликтүү дарыгерлерге лекция өткөрүп,кайсы учурларда жөнөтүш керек жана эң биринчи эмнеге көңүл буруш керек экендиги тууралуу маалымат берилүүгө тийиш. Элде онкологиялык оору жөнүндө маалымат аз болгондуктан ооруну өткөзүп жиберип жатышат. Убагында кайрылып туруңуздар.
Азамат Кошалиев, Улуттук онкологиялык борборунун дарыгери
Пикирлер (2)