Пандемия менен байланышкан тыныгуудан кийин дүйнөдөгү букмекерлер рыногу туруктуу түрдө өскөнүн көрүп жатабыз. Күн санап сайттардагы жана мобилдик тиркемелердеги акча коюмдарынын популярдуулугу артып жатканы байкалат. Карантин убагында спортту сагынып калган күйөрмандар турнирлерден баштаган Олимпиадаларга чейин активдүү түрдө ар кандай мелдештерге акча салууда.
Кыргызстанда спорт сүйүүчүлөр арбын жана алардын айрымдары алар үчүн акча салууга да даяр. Биздеги мыйзам боюнча букмекердик конторалар менен КРнын аймагында башка өлкөнүн жарандары гана алектене алышат. Бирок, анткени менен, бул мыйзам деле аткарылбай жаткандай. Көптөгөн кыргызстандыктар чет өлкөлөрдүн аянтында онлайн коюмдарды пайдаланып жатышат. Ал эми алар Кыргызстанга салык төлөбөгөн үчүн бир топ каражаттар өлкөдөн агылып кетүүдө.
Мыйзамдардын көпчүлүгү Орусиянын мыйзамдарын туурап кабыл алынары жашыруун эмес. Себеби, Жогорку Кеңештин депутаттары орусиялык кесиптештерин карап турушат дагы, алардын жасаганын кайталашат. Мына ушундан кийин, эмне үчүн биздин депутаттар ОФнын букмекердик контораларын башкаруучу мыйзамдарын карап чыгышпайт деген ой келет. Ал жерде баары түшүнүктүү иштелип чыккан. Бир нерсе ойлоп табуунун деле кереги жок. Биз бул тажрыйбаны колдоно турган болсок, мамлекет үчүн дагы, бизнес үчүн дагы, күйөрмандар үчүн дагы жана спортчулар үчүн дагы абдан пайдалуу болот.
Орусиядагы букмекерлердин иши кандай жөнгө салынары жана ал спорт тармагына кандай пайда алып келери жөнүндө төмөндөгү материалдан окуңуздар.
Мыйзамдын талабы менен
Орусияда БКнын иши боюнча талашып-тартышуулар көп жылдар бою жүргөн. Биздей эле ал жакта дагы акчасынын баарын уттуруп жибергендердин нааразылыктары болгон. Бирок, Кыргызстандан айырмаланып бул өлкө өз жарандарына акча коюууга тыюу салган эмес. Утулган оюнчулар өз кылыгына өзү жооп берсин дешкен. Себеби, аларды акча сай деп эч ким кыйнаган эмес. Нааразы болгондордун айынан бүтүндөй өлкөнүн элине тыюу салуу акылга сыйбаган иш.
Ал жактагы букмекердик конторалар Орусия Федерациясынын 2006-жылдын 29-декабрында кабыл алынган «Кумар оюндарын уюштурууну жана өткөрүү ишмердүүлүгүн мамлекеттин жөнгө салуусу жана Орусия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамы аркылуу иштейт. Ал эми 2015-жылы болсо Мамлекеттик Думанын депутаттары онлайн букмекерлердин ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырган.
БКнын ишмердүүлүгү спорт менен байланыштуу болгон үчүн кирешесинин бир бөлүгүн спортту өнүктүрүүгө бөлүп бериши керек. Мындай мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылы кол койгон. Ага ылайык, букмекердик конторалар спорттун кайсы түрүнө коюм коюлгана жараша ар квартал сайын өз кирешесинин 5%зын спорт федерацияларына бөлүп бериши шарт. Буга жараша ар кварталдык төлөмдөр 15 миллион рублдан кем болушу мүмкүн эмес. Ал эми федерациялар болсо өз кезегинде которулган сумманын 20%ын балдар жана жаштар спортуна, калганын профессионалдык спортту өнүктүрүүгө которууга милдеттүү.
2020-жылдын октябрь айында төлөмдөр боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Анда букмекерлерди орусиялык эле эмес, чет элдик иш-чараларга да максаттуу төлөмдөрдү которууга милдеттендиришкен.
2020-жылдын декабрь айында максаттуу төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү караган федералдык мыйзам кабыл алынган. 2021-жылдын октябрь айынан тарта алардын көлөмү бардык келишимдүү мелдешүүлөрдүн суммасынан 15%ды түзүп калган. Бирок, кварталына 30 миллион рублдан кем болбошу керек. Божомолдор боюнча, 2022-жылы букмекердик конторалар Орусиянын спорт тармагын колдоого сегиз миллиарддан ашык рублей которушат.
Иштелген система
Жаңы мыйзамды кабыл алуу менен бирге «кумар оюндарын бирдиктүү жөнгө салгыч» иштей баштады. Легалдуу түрдө КОБЖга мүчө болгон учурда БКнын оюнчуларга уюмдун эсебинен каражат төлөп берүү кепилдиги бар жана ал букмекердик компания экөөнүн ортосунда маселе жаралган учурда укуктук колдоолорду көргөзөт. Кандайдыр бир дооматтар жаралган учурда оюнчу букмекерлер боюнча КОБЖга арызданып, Орусиянын сотуна бере алат.
КОБЖ БК жана тотализаторлордун каражат которууларын эсептөөчү структура – «Интерактивдик башкаруу боюнча Бирдиктүү борбор» долбоору менен биргеликте иш алып барат.
ИККЭБ (Интерактивдик коюмдарды которууну эсептөө борбору) – бул эки тараптын акча каражатына байланышкан мамилелерин жөнгө салуучу жана каржы операциярын жүргүзүүдө кепилдик болуп бере турган, оюнчу менен букмекерлердин ортосундагы ортомчу. Ар бир жаңы катталган колдонуучу ОФнын аймагында мыйзамдуу коюмдарды коё алуу үчүн ИККЭБден кошумча верификациядан өтүшү керек.
Убаракерчилиги жок
Орусиядагы букмекерлер тармагынын негизги жөнгө салуучусу Федералдык салык кызматы болуп саналат. Расмий букмекерлер ФСКнын лицензиясын алып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн анын тийиштүү шарттарын аткарышат. Алар Орусия банктарынан эсеп ачышат, кызматкерлерин расмий түрдө ишке алышат, мамлекетке салык төлөшөт жана отчёт тапшырышат. Оюнчулардын персоналдык маалыматтары ишенимдүү коргоодо болот, ал эми акча каражатына байланышкан транзакциялар кыска мөөнөттүн ичинде аткарылып турат. Алардын Орусиядагы иши толугу менен мыйзамдуу.
Мыйзамдуу БКлар сөзсүз түрдө документ текшерүүгө тийиш. Бул нерсе кумар оюндарына жашы жете электерди катыштырбоо жана бир эле адамдын бир нече аккаунт ачып албасы үчүн жасалат. Алдыңкы деп саналган букмекердик конторалардан онлайн түрүндө жана бир канча мүнөттүн ичинде идентификациядан өтүүгө болот.
Кызык жери, расмий БКлар уткан адамдарды ашыкча убаракерчиликтен арылтып, бере турчу акчанын салыгын төлөп туруп анан беришет. Мыйзамды аткарбаган БКларды мамлекет жаап салат. Эгер алар ишмердүүлүгүн интернетте жүргүзө турган болсо Ромкомнадзор (Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат) блоктойт. Мыйзамсыз иш жүргүзгөндөр кылмыш жана административдик жоопкерчилигине тартылат.
Эки тараптуу ишеним
Орусияда БКлар спорт тармагы үчүн каражат которуу менен гана чектелбестен, спорт федерациялары, лига жана клубдар менен түзмө-түз кызматташышат. Өнөктөштүк боюнча ири келишимдер түзүлөт. Букмекерлердин акыркы жылдардагы жетишкендиктери алардын аброюнун жогорулаганынан кабар берет.
Жөнөкөйлөтүп айтканда, букмекердик компаниянын аты чемпионаттын жарым аты болуп калды. Ал эми анын логотиби лиганын символикасына айланган. Мындан бир ай мурун Континенталдык хоккей лигасы БКлардын бирөөсү менен келишим түзгөн. 2024/2025-жылдарга чейин ал анын титулдук өнөктөшү болуп берет. Ушул эле компания бир аз убакыт мурун Орусиянын Футбол боюнча кубогунун титулдук өнөктөшү болгон. Буга чейин турнир 5 жыл бою башка букмекерлер менен кызматташуу аркылуу өткөрүлүп келген.
Орусияда (Кыргызстанда дагы) башка өлкөлөрдөй эле киберспорт активдүү түрдө өнүгүүдө. Жыл өткөн сайын анын күйөрмандар арасында популярдуулугу артып бара жатат. Бул өнөктөштөрдү да кызыктырары турган иш. Орусиялык Team Spirit деген команда 2021-жылы Dota 2 боюнча дүйнө чемпиону аталып, дүрбөлөң жараткан. Бир нече убакыттан кийин Орусиядагы ири БКлардын бирөө анын титулдук өнөктөшү болгон. Өнөктөштүк келишимдер федерацияларга жардам берүү менен гана чектелбестен, бүтүндөй дене тарбия жана спорт түзүмүнө узак мөөнөттүү натыйжасын берет. Алардын арты менен федерациялар өзүнүн инфраструктурасын өнүктүрүп, жаңы секцияларды ачып, спорт тармагын калк үчүн жеткиликтүү кыла алышат.
БКлардын кимге жардам берип жатканы жана ким менен кызматташып жатканы жөнүндөгү тизмени дагы да уланта берсе болот. Спорт сүйүүчүлөрү букмекерлердин таасирин өзүлөрү деле байкады болуш керек. Бир гана Орусияда эмес. БКнын ишмердүүлүгүнө Тажикстан, Түркмөнстанды кошо эсептегенде өтө көп өлкөдө уруксат берилген. Бир гана биз бул тармакты көзөмөлдөөгө ала турчу мыйзамды иштеп чыга албай койдук. Биздин башкалардан эмнебиз кем?
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн