Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кантта тез жардам унаасы оодарылып, айдоочу менен фельдшер жабыркады

24.01.2022 12:11
908
Кантта тез жардам унаасы оодарылып, айдоочу менен фельдшер жабыркады

Бүгүн, 24-январда саат 8:00-08:30дар чамасында Кант шаарынын борборунда «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа жана тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.


Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, тез жардам унаасынын жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттары иштеп турган, бирок жолдун кеслишинен жол тандабас бет маңдайынан чыгып, унаалар сүзүшкөн.


Жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасынын айдоочусу жана фельдшери жабыркаган.


Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. Унаалар айып аянтчасына токтотулду.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн