Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Канттык "Абдыш-Ата" клубу АФК Кубогунда түркмөнстандык "Алтын-Асырды" утту

22.09.2023 10:32
487
Канттык "Абдыш-Ата" клубу АФК Кубогунда түркмөнстандык "Алтын-Асырды" утту


Канттык "Абдыш-Ата" клубу АФК Кубогунун алкагында дебюттук беттешин өткөрүп, түркмөнстандык "Алтын-Асыр" футболдук клубу менен кез келди.

Оюн 21-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Беттеш алдында эки курама команданын оюнчулары жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык 19 жаштагы футболчу Ааламбек Абылкасымовду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Ал "Абдыш-Атанын" тарбиячысы болгон.

Оюндун биринчи таймында эсеп ачылган жок. Экинчи таймдын 48-мүнөтүндө Кайрат Жыргалбек уулу дарбазанын сол бурчуна таамай сокку узатып, эсепти ачты. Бир аз убакыт өткөндөн кийин беттештин 52-мүнөтүндө Магамед Узденов күчтүү соккусу менен атаандашынын дарбазасына сокку узатты, көп өтпөй Эрнист Батырканов эсепти 3:0гө айлантты.

Оюндун жыйынтыгы 3:0, жеңиш канттык "Абдыш-Ата" клубунда.

Белгилей кетсек, "Абдыш-Ата" менен "Алтын-Асыр" жайгашкан "Е" тайпасында тажикстандык "Равшан" жана түркөнстандык "Мерв" клубдары орун алган.

"Равшан" менен "Мерв" да бири-бирине каршы 21-сентябрда Тажикстандын Гиссар шаарында оюн өткөрүп, тең чыгышкан. Ошентип, старттык турдан кийин “Абдыш-Ата” эсебиндеги үч упай менен “Е” тайпасында турнирдик жадыбалда алдыда келе жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн