Жаңы конституциянын чыйырын “бысмылла” деп аттап, эбегейсиз бийликти өз жоопкерчилигине алмак болгон Президентти ушу мүнөттөрдө кандай сезимдер курчап турду экен:
1. “Жетмек элем, жеттим!”-деп өрөпкүп делөөрүгөн эйфориябы?
2. “Баары колума тийди, эми шашпасын!” деп мурда-кийин жолун бөгөгөн, кордогон, душмандык кылган кастарынын күнүн батырмак болгон ички кекенүүбү?
3. “Эми эмне болот, кантип иштейм, ким менен иштейм? Бу кызматта канчага чейин кармалаар экем?” деп чочулаган, белгисиз санаркообу?
4. Же “баарына чыдайм, жол табам, ак иштеп артыман жакшы из калтырам” деген аруу амбициябы?
Менимче, мурдагы президенттер да, азыркысы да, келечекте президент болчулар да эске түйүп койчу бир мандем бар. Кыргыз эли Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамаев, Жээнбеков, Жапаров деген ажолордун эч кимисине жалынып, жалбарып, өтүнүп “...бажа-аалыста, бизге президент болуп бериңи-иизчи, сиз болбосоңуз куурап жок болгону турабыз...” деп, тигилер “жок” десе болбой кулдук уруп жүрүп, анан эптеп макул кылып суранып тактыга олтургузушкан эмес... Жогорудагылардын ар бири чон саясаттагы нары сүр, бери сүрдө чайпалып, тегерегиндеги жакын чөйрөсү менен бирге өз доорундагы режим менен кээде кызматташып, кээде ага каршы күрөшүп, кырдаалдар алмашкан сайын “президент болуу” каалоосун бышырып, ийлеп ӨЗДӨРҮ КААЛАП, ЭҢСЕП президент болушкан. Атаандаштардын баарын артта калтырып, жеңип чыгып президент болуу бул демек: өлкө эми меники, өлкөнүн эли мен ойлогондой, менин табиятымдагыдай, менин табитимдей , менин мүнөзүмдөй басып туруп, мен каалагандай марш тебиши керек!- дегендикке жатпайт.
Кокус ажолук иш өзү күткөндөн башкача болуп:
** ары оор, ары нервди жеген түйшүк болуп жанды кашайтса;
** анысы деле, мунусу деле сын айтып, кээде аша чаап сөгүп “кетсин!” десе;
** күн-түнү уктабай санааркап, план түзүп,эл үчүн бирдеме кылып аткансысаң деле оппоненттер тепкилесе;
** кээде пенделик кылып сөздөн жаңылсаң аныңды шылдындап ысмынды лакапка айлантып күлүшсө;
** эки-күндүн биринде ак үй, көк үйдүн жанына топурашып митинг өткөрүшсө;
** мамл. ММКлар канчалык “жыргаттыңыз-куунаттыңыз” дешкен менен,эркин медиалар күн алыс критикалап туздаса;
** куудулдар, юмористтер ажонун айыбын элге көргөзүп осолдуктарын калыс белгилеп туураса, какшыкташса;
** журналисттер президенттин же жакын чөйрөсүнүн, тууган-туушкандарынын эл билбеген “былыктарын” чукуп чыгып кашкайша көргөзүшсө;
...анда ажо үстөлдү бир муштап “Эй мен иштеп эле атпайымбы! Сен өзүңү билчи! Өзүң эмнени кыйратып койдуң эле! Сенин деле былыгынды билебиз! Сен деле илгери минтип-тигинтип жүрчү эмес белең!” деген тайыз ыргакка түшүп, мамлекеттик жогорку трибунаны жеке напсилик, пенделик, эмоциялык “каяша кылуу кызматына” айландырып албоосу өтө маанилүү. Өлкөнүн президенттигин мындай кой, бала бакчанын башчысы болуп дайындалган кишинин өзүнө, ишине канчалаган өйдө-ылдый сындар, жан кашайткан сөздөр айтылат эмеспи. Бийликти бир колго алган президент бирөө болгону менен, элдин реалдуу абалын ар кыл көз айнек менен көргөн “жардамчылар” да кулакка ар кыл кеңештерин шыбырап, алардын ар бири “..ушу мен айткандай кылсаңыз туп-туура болот” деп ынандырышат. Ал ынандыруунун артында өз чөнтөгүн, өз кызыкчылыктарын, өз бизнестерин гана ойлогон кландардын тымызын лоббиси – иши ансыз да чачтан көп президентке көп учуда байкалбай да калышы мүмкүн. Ажо канчалык Кудайдан коркуп, кабинетине бекинип намаз окуп, ар бир чечимин абийири менен кеңешип жасап жатам..-деп эсептебесин, кабат-кабат болуп курчаган чөйрөсүндө “..президент мени гана угат, мага гана ишенет” деп эсептеген “кураторлордун” калындан калың айлампасында кимдин лоббиси президенттин жүрөгүн жибитип, ким көбүрөөк номур биринчинин “свою” болуп маселени шар чечээр кардиналга айланат жана ал кардиналдардын ынандыруусу ширин сезилгени менен билинбей эл нааразылыгын күчөтүп, акыры жүрүп ажону аңга түртчү тагдыр кутүп турган жокпу?-деген логика президенттин мээсинин бир капталындагы бурчта дайыма запаста жүрө бергени оң.
Президент деле пенде албетте: ал да чарчайт, курсагы ачат, кайгырат, эмоцияга алдырат, адашат, көңүлү калат... Бирок, эч убакта анысын элге колко кылууга, милдет кылууга, “үх-хх деги бир жакпадым го силерге!..” деп зиркилдөөгө акысы жок. Анткени,.. эл ал лидерди жалынып-жалбарып олтуруп президент кылган эмес, “мен болом эле мен болом!” деп президенттикке жулунган ондогон талапкерлердин арасынан “мен президент болушум керек!” деп элди катуу ишендирүүгө аракет кылган бирөөсүн эл “...мейли анда, ушу сага да ишенип көрөлүчү, болсоң болчу эми..” деп үмүт артты. Анын кыйратаарына толук ишенип-ишенбесе да, элдин кайсы бир бөлүгү ишенмек турсун “..булардын эч кимиси кыйратпайт” деп шайлоого такыр катышпаса да, элдин кай бир капталы “..жок, мен буга ишене албайм, бул эмес башкасы президент болсун” деп башкага мейли азыраак добуш берсе да, Борбордук шайлоо комиссиясы добушту эсептеп, ага каршы добуштарга караганда “ал ажо болсун” деген добуштар көбүрөөк экен деп эсептеп, тактап тагдыр ага жылмайып, эл аны “ажо бол” деп жалдап, убактылуу мандикер кылып жумушка алды. “Кайратың, сабырың, духуң жетсе күн-түнү башың менен жер казып биздин жашоону оңдо! Курсагын ачса эл куруп берген резиденцияда, элдин салыгынан түшкөн акчага түркүн азык-түлүк саттырып алып, эл төлөп берген акчадан айлык алган ашпозчуларыңа беш маал тамак жасатып ич. Ден соолугуңда мандем болсо эл акысынан дарылан. Элдин акчасына сатылып алынган самалетко олтуруп алып керектүү өлкөлөргө учуп барып, элге керектүү келишимдерди түзүп кел. Элдин пулуна алынган машинеге олтуруп, элдик акчага бензин куюп, эл берген акчага президенттик аппаратка башчы, жардамчыларды ишке тартып, жан сакчы, шоопур, катчы ж.б. иштетип өз миссияңды так аткарып, айлыгынды адал актап жакшы эмгектен. Экономиканы, чек араны, жумушсуздукту, медицинадагы, билим берүүдөгү маселелерди чеч!” деп кө-өп тапшырманы моюнуна илди.
“Өлкөнү талкалады, кууратты..” деп бийликтен кеткен соң артынан жаманатты кеп ээрчиген экс-ажолордун баары кезинде эл үмүт арткан “жакшы адам” эле, “сонун адам” эле, “укмуш адам” эле. Анан эмнегедир алар татыктуу денгээлде жакшы-сонун-укмуш болбой чыкты. Адам катары: мүнөзүндө, баскан-турганында, сүйлөөсүндө, кыял-жоругунда, адамгерчилигинде элге жаккан айрым сүйкүмдүү моменттер болгону менен, экс-президенттердин эч кимисинин денгээли “улуттук лидер” деген улуулукту өзүнө сыйдыра албады. Алардын ар бири аткара албаган очойгон проблемалар отуз жылда үйүлүп олтуруп, эл ал проблемаларга агрессия, үмүтсүздүк, эмоция деген ачуу сезимдерди кошуп, жаалданган канжардын учун “кана кимин ажо болуп, кимиң өлкөнү бат эле оңоп иесиң!?” деп, президент болуп шайланган ар жолку лидердин кокосуна такап келүүдө. Революциялардын, төңкөрүштөрдүн отуна бууланган ошол канжар бу кезде конституцияны өзгөртүп, бүт жоопкерчиликти президентке жүктөгөн мыйзамдын бычагынын мизинде алгачкы кадамын там-туң таштаган Садыр Жапаровго бурулуп турган чак...
** Көп эле жазуучулардын чыгармаларын окуйм.. Ошо окуган-эткендин баары үтүр-чекитине чейин эсимде калат,- дей албайм, бирок ошол чыгармаларда алтындай болуп алыстан эле “жарк” этип турган мандемдер болот, чыгарма канчалык килтейген роман болобу, кыска ангемеби, арасында эси көөнүңдөн кеткис эстеген сайын күлө берчү жери болот, же маселен кабырганды кайыштырып ички дүйнөңдү антар-теңтер кылып салчу абзацтары эсиңде калат, кай бир чыгармалардын арасында өмүр бою эстеп жүрө турган философиялык даанышман сөздөр болот... Муну саясатка чагып карачу болсоң, саясат майданында деле ошол, жалындуу сүйлөгөн кай бир президенттерибиздин иштери, сөздөрү тээ башында жүрөктөн түнөк тапкандай эле болгонсуйт, анан мезгилдин өтүшү менен учкан чаңдай жок болуп, айткан сөзү, иши эле эмес, ал президенттин өзү кай бир заманда жашаганы же жоктугу билинбей убакыт аларды түп орду менен кайдадыр уурдап кеткенсийт... Ылайым, бу жолкусунда элдин бактысы, келечеги үчүн башын чындап сайган, жасаган ишинде “жарк” этип алыста-ан эле жаркырап турган залкар изи бар президент болуп тарыхта калуу шыбагасын кыргыздын бешенесине буюргайсың Жараткан...
Эрнис Кыяз, журналист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн