Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Каптагаев АКШнын Көлбаев боюнча нааразычылыгына пикирин билдирди

03.03.2021 16:40
829
Каптагаев АКШнын Көлбаев боюнча нааразычылыгына пикирин билдирди


Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу АКШнын Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча билдирүүсүнө өзүнүн пикирин билдирди.


"Таң калам дагы... түшүнбөйм дагы...  Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү жамааттарынын аксакалдарынын айтымында Камчы Көлбаев бангизатка караманча-каршы, жаштардан бангизаттан алыс болууну катуу талап кылат дешет... Кадыр-барктуу эле кишилер жөн-жай айтпайт го деп ойлойм... Ал эми Америка болсо минтип атат...  Чынында АКШ кубаттуу мамлекет, чалгындоо кызматы күчтүү... Эгерде  Камчы Көлбаев дүйнөнү титиретип, адамзатка коркунуч келтирип турганы чын болсо, биздин кичине өлкөбүзгө саласал кылып, кысмакка албай эле  дүйнөнү чырмап турган кылмыштуу схеманы, ага катышкандардын аты-жөнү, дареги,  жасалган кылмыштардын жана ага катышкандардын тизмеси, бангизаттарды ташуу  жана таркатуу жолдору, ташылып жана сатылып жаткан бангизаттын көлөмү, бул схемага кирген мамлекеттердин тизмеси  сыяктуу маалыматты ачыктап, жарыя кылып салбайбы... Ошондо ачык болот эле да Көлбаевдин коркунучу канчалык деңгээлде реалдуу экени...  Биздикилер коркуп ачыктай албай жатат деген күндө дагы, АКШ кимден коркот? Эмнеге жарыялабайт...?  Барын алаканга салгандай ачыктап жарыя кылып салса түшүнөт элек да, "... аааа десең... ушундай турбайбы..." - деп.  Бир таңгак документтери, фото, видео-аудио материалдары менен болгон далилдерди алып келип биздин Өкмөткө берип, "...мына далил, өзүңөр жазага тарткыла же бизге өткөрүп бергиле, биз соттойбуз..." -  десе биздин бийлик кайда буйтайт эле, аргасы жок жоопко тартмак.  Болбосо  жаш балдарды "... бөө келтат..."  деп коркуткандай эле туюулуп жатпайбы...эмне максат көздөп жатканы түшүнүксүз... ", - дейт Каптагаев.


Эске салсак, буга чейин кримтөбөл Камчы Көлбаев абактан бошотулган. Ага карата АКШ элчилиги өзүнүн нааразычылыгын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн