Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 15:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Каптагаев: Арабызда "талиб" вирусу жуккан, аны менен ооругандар толтура

17.08.2021 11:20
2540
Каптагаев: Арабызда "талиб" вирусу жуккан, аны менен ооругандар толтура

Афган темасы боюнча...


Билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй эле өйдө-төмөн талкуу... Жер жүзү ызы-чуу... 


Катуу талкуу болуп жаткан теманын бири - талибдер Орто Азиядагы башка мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга кирип келеби же жокпу? - деген суроо.


Менин жеке оюм. Пулемет көтөргөн селде-дамбалчандар басып кирип келбейт, бирок Орусия аларды көрсөтүп "бөө келтат" деп бизди коркутуп, кысым көрсөтүп, биратоло чүлүктөп жетелеп алуу аракетин кылат.


Бирок, талибдер Орто Азия өлкөлөрү үчүн өтө чоң коркунуч болуп калганы чындык. Анткени "талиб" вирусу жуккан, аны менен ооругандар арабызда толтура, ар бир айыл, ар бир шаарда бар. Афган талибдеринин күч алуусу бул жакка жигер берет, шыктандырат, дүрбөтөт. Кайсы бир шарттарда алар баш көтөрүп, бир агымга биригип, нугунан чыккан суудай каптап кетүүсү толук ыктымал. Бул реалдуулукту жадыбыздан чыгарууга болбойт.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн