Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Каптагаев: Бексултан Жакиев касиеттүү адам эле

26.04.2021 17:40
867
Каптагаев: Бексултан Жакиев касиеттүү адам эле

Бүгүн Бексултан авамды акыркы сапарга узаттык... Тажияда Ысык-Көл ынтымагынын аксакалдар кеңешинин төрагасы катары төмөнкү сөздү сүйлөдүм.  Авабыздын арбагы ыраазы болсун!


Кадырман мекендештер!

 Кыргыз адабиятынын, кыргыз маданиятынын аскар-зоосу болгон,  манасчылардын, акындардын, жалпы эле маданият тармагындагы ишмерлердин  таянар тоосу болгон  Бексултан авабыздан айрылып кабыргабыз кайышып турат... 

 Ажалга айла жок... ойдо жок жерден алып кете берди...

 Бул жерде  мамлекетибиздин жогорку жетекчилиги тарабынан  Бексултан авабыздын  жаркын элесине,  өмүр жолуна жана өтөгөн эмгегине арналып  айтылган акыйкат - жылуу сөздөр үчүн “Ысык-Көл” фондусунун аксакалдарынын атынан терең ыраазычылык ...  Авабыздын арбагы ыраазы болсун!

 Бексултан авамдай адамдарды тээ илгертеден  КАСИЕТТҮҮ АДАМ деп атап келишкен... Чынында касиеттүү эле. 

 Авамды башка адамдардан өзгөчөлөп турган касиеттери көп. 

 Биринчи касиети  – жөнөкөйлүгү.  Бул кишиде текеберчилик деген такыр жок эле. Улууга дагы, кичүүгө дагы бирдей сый мамиле кылчу, чын ниети менен, ак санаасы менен түз мамиле кылчу.  

 Экинчиден – кайдыгер эмес болчу.  Эл ичинде, өлкөбүздө, айрыкча маданият тармагында  кандай гана окуя болбосун  четте карап туруп алчу эмес, өз оюн айтчу, пикирин билдирчү. 

 Үчүнчү касиети  – чынчылдыктан, калыстыктан, адилеттүүлүктөн тайган жок. Кайсы бир комиссия болобу,  конкурстук жюри болобу же кандайдыр бир маселе боюнча   жыйын болобу Бексултан авамдын катышуусу менен өзгөчө мааниге ээ болуп, табы өзгөрүп калчу.  “Жакиев келет бекен, катышат бекен ? – деген суроо  күбүр-шыбыр айтылып,  далайларды кыжалат  да кылчу.  Авам оюн чаргытпай түз айтчу, так кесе айтчу, артынан айтпай бетке айтчу.  Бирөөлөргө жакса, бирөөлөргө жакчу эмес.  Бирок Бексултан авамдын айткан сөзү,  берген баасы көпчүлүк учурда чечүүчү мааниге ээ болуп келген, бул чындык. 

 Төртүнчү касиети -  авамдын мекенчилдиги, сөздүн түз маанисинде айтканда  – улутчулдугу. Улуттук баалуулуктарды, улуттук дөөлөттөрдү сактоодогү сиңирген эмгеги  опол тоодой.  Манасчылык менен төкмөлүктү өзгөчө улуттук дөөлөт  катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүдөгү тикесинен-тик туруп өтөгөн эмгеги жөнүндө айтылды.  Авам “Манас” эпосун кеңири жайылтууга зор салым кошту. Мисал катары   Бексултан авамдын   “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин  даярдоодогу жана өткөрүүдөгү аткарган эмгегин,  “Манас-1000” дирекциясындагы кызматын, эпостун кысылган вариантын даярдап басмадан чыгарганын,  балдар үчүн  даярдалган “Манас сүрөттө” китебинин  даярдалышын  айтсак болот. 

 Бешинчи касиети –  авамдын данышмандыгы,  жаш акындарга, манасчыларга, жалпы эле бизге окшогон артында келе жаткан инилерине  ЭШ болгондугунда. Ооба,  Бексултан авамды биз ЭШ туттук,  данышман агабыз катары акылын уктук, көп маселелер боюнча кеңеш сурадык. 

 Оопасыз дүнүйө деген ушул экен...

 Эш туткан агабыздан айрылдык, таянар тообуз кулады...

 Кош Бексултан ава... Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко , ыйманыңыз саламат болсун!


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн