Элибиз эзелтеден "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч", "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" - деп айтып келишкен. Бул сөздөр кандай жагдайда, кандай кырдаал үчүн айтылганын билбейм. Албетте, ар ким атасынын кунун кечип жиберүүгө акысы бар. Бирок сөз мамлекет жөнүндө, улуттук ар-намыс жөнүндө болуп жатканда машаяк болуп кетсе дагы жеке пикирин коомго таңуулап, кундан кечип, ансыз деле аргасы түгөнүп, каңырыгы түтөп кан жутуп мүңкүрөп отурган элдин атынан бүтүм чыгарууга эч кимдин укугу жок. Тажик тарап аскердик кылмышка барып, тынч жашап жаткан элди кырганы үчүн эл аралык трибуналда жоопко тартылууга тийиш.
Эмилбек Каптагаев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн