Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Каптагаев: Жеңил ойлуу депутаттар мамлекетке кыянаттык кылууда

03.03.2021 14:00
1238
Каптагаев: Жеңил ойлуу депутаттар мамлекетке кыянаттык кылууда

Өздөрүнүн жеңил ойлуулугу менен мамлекеттин тамырына балта чаап жатканын түшүнбөй жатат  биздин депутат-болмуштар. Мындай пикирин Эмилбек Каптагаев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.


"Мамлекетке, мамлекеттүүлүккө, мамлекеттик жана коомдук түзүмгө жеке бизнес-ишканага мамиле кылгандай мамиле кылуу - бул кылмыш,  Конституцияга карата жеке менчик фирманын уставына кылгандай мамиле кылуу  дагы - кылмыш, мамлекетик түзүмгө карата жасалган кыянаттык. Өздөрүнүн жеңил ойлуулугу менен мамлекеттин тамырына балта чаап жатканын түшүнбөй жатат  биздин депутат-болмуштар... Эртең буга чейин болгон үч козголоң баланын эле оюнчугундай көрүнүп  калуусу толук ыктымал экендигин  учурда тагдыр чечип жаткан билермандар эстен чыгарбаса деген эле тилек...",- деп билдирүү калтырган Каптагаев.


Белгилүү болгондой, бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Конституциянын жаңы долбоору каралып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн