Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Каптагаев: Жусуп Абдрахманов - соңку жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсү, улут лидери

26.05.2021 11:58
2469
Каптагаев: Жусуп Абдрахманов - соңку жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсү, улут лидери

"Жусуп Абдрахманов - соңку жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсү, улут лидери" - деген рубрика менен теле-радио берүүлөрдүн сериясын даярдоо демилгеси болуп жатат, даярдык иштер башталды. Бул берүүлөр Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине арналмакчы. Төмөнкү сүрөттө Жусуп иниси Токо менен, болжолу 1925-26-жылдарда түшүшсө керек. Токо Абдрахманов агасы Жусуптун көлөкөсүндө калып көп айтылбай келе жатат. Болбосо Токо дагы кыргыздын чыгаан залкарларынын бири, кыргыздан чыккан биринчи билимдүү экономисттерден, Мамлекеттик пландоо комитетин түптөгөн, ал органды бир топ жыл башкарган, пландуу экономиканын негиздерин биздин республикада калыптандырган инсан. Сүрөттү Узак деген тууганыбыз жеке архивдерден таап алган экен, коомчулукка Алмаз тууганыбыз алып чыгып жарыя кылды.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн