Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кар көчкү астында калган 24 жаштагы Адилет Көккөзов үй-бүлөнүн жалгыз баласы

21.02.2022 14:45
1108
Кар көчкү астында калган 24 жаштагы Адилет Көккөзов үй-бүлөнүн жалгыз баласы

Кар көчкү астында калган 24 жаштагы Адилет Көккөзов үй-бүлөнүн жалгыз баласы. Бул тууралуу анын таякеси "Азаттык" үналгысына билдирген.


Кар астында калган 24 жаштагы Адилет Көккөзовдун жакындары 14-февралдан бери издөө иштерин улантып жатат.


Алар өкмөттөн кар тазалаганга техникадан жардам сурап жатышат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар калың түшүп калгандыктан жолду тазалап, издөө иштери жүрүп жаткан аймакка техниканы жеткирүү кыйын болуп жатканын билдирди. Окуя Түндүк-Түштүк (Балыкчы - Жалал-Абад) альтернативдүү унаа жолунун 334-340-чакырымында катталган. Мында тоннелдин эки тарабында тең кар көчүп, унааларды басып калган. Көчкүдөн кийин үч кишинин дайыны чыкпай жатат. Алардын экөөсү кытай, бири кыргыз жараны.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн