Бугу 07, 2024
Убакыт: 06:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кар жаап, из басыла элек... Жаныбек Абиров жыландын башын кылтыйтканы өкүнүчтүү

31.07.2023 09:17
442
Кар жаап, из басыла элек... Жаныбек Абиров жыландын башын кылтыйтканы өкүнүчтүү


Бир мандаттуу Ленин округунан Жаныбек Абиров кайра шайлоого чыга турганы боюнча ойлонуп, жакындары, тарапташтары менен кеңешип жатканын айтып чыкты. Ушул кантип болсун? Уялбайт экен го. Бирөөнүн алмончоктой баласын сабап, бети-башына, денесине жаракат келтирип, коомчулукту кыжырданткан эле. Кылмыш иши козголуп, жансоогалап жатып, араң кутулганы эсибизде. Мандатын тапшыруу менен элдин ачууланган маанайын басаңдатканын унуттубу? Эми кайрадан Ленин округунан Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттанууга камынып, жыландын башын кылтыйтканы өкүнүчтүү. Кар жаап, из басылса бир жөн. Анчалык убакыт да өтө элек. Кайрадан чыга калып, акчанын күчүнө салуу менен мандат алуу кумарына мас болуп, анан дагы ичип алып, көнгөн адатын кылса кантесиңер? Кыскасы, Жаныбек Абиров башына түшкөн мүшкүлдү тез унутуп, алдыга жулуна берет тура. Мындай арааны ачылган, мансап дегенде жантыгынан жата калган пенденин көзү тойбойбу? Качанкыга чейин байдын балдары шапар тээп, Кыргызстанды каалагандай калчай беришет? Мыйзамдуу өлкөдө көпөстөргө калыс, туура баа берилиши шарт. Байлыгы менен каалаганын кыла берсе, сабаса, кемсинтсе, кайра парламентке келсе, анда жыргаган экенбиз! 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн