Бугу 11, 2024
Убакыт: 02:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кар жаайт. Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

05.04.2023 15:17
263
Кар жаайт. Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 7-апрелде күндүз жана 8-9-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.


7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.


Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, 8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.


Ал эми Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, 9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 7-8-апрелдерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге, 9-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.


Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн