Учтун айы 16, 2025
Убакыт: 21:31
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.840
0.880

Кара-Балтада 15 жаштагы өспүрүмдөр 45 жаштагы кишини комага түшкүчө сабашкан

Кара-Балтада 15 жаштагы өспүрүмдөр 45 жаштагы кишини комага түшкүчө сабашкан


Кара-Балтада 15 жаштагы өспүрүмдөр 45 жаштагы кишини комага түшкүчө сабашкан. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2-августта 21:30дар чамасында самокат ижарага берген өспүрүм менен кардардын (ал дагы жашы жете элек) ортосунда чыр чыгып, ал массалык мушташка айланган.


Балдарды кафеде эс алып жаткан 45 жаштагы киши келип арачалаган. Бирок ал катуу сабалып, эсин жоготуп ооруканага жеткирилген.


Милиция 15 жаштагы эки өспүрүмдү кармап, райондук сот бирөөсүн үй камагына чыгарса, экинчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн