Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушу башталды

17.10.2023 15:10
629
Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушу башталды


Чүй облусунун Кара-Балта шаарында "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Аффинаж заводунун" филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушу башталганын өкмөт кабарлады.


Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышкан. Ишкана президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулууда, бул өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи завод экени айтылды.


Төрөбаев долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгү жогору экенин белгиледи. Аны ишке ашыруу менен баалуу металлдарды ата мекендик рынокто өнүктүрүү жана алардын жүгүртүлүшүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлмөкчү.


"Буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, мындан ары Кыргызстанда чыгарыла баштайт. Мындан тышкары, тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат. Өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италия менен Германиянын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.


Жалпы 1,5 миң чарчы метр аянтка салына турган ишкана 2024-жылдын биринчи кварталында ишке кирмекчи. Имараттын курулушун "Кыргыз алтын" каржылоодо.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн