1-декабрда саат 7:48де Кара-Балта шаарындагы "Батыш" деп аталган аймакта башына ок жеген белгисиз адамдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат Жайыл райондук милициясына түшкөн.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери окуя болгон жерге барып, маркум 48 жаштагы Х. И. аттуу жаран экенин аныкташкан.
Бул окуяга күбө болгондор социалдык тармакка жазышкандай, маркум алтындан зер буюмдарын жасап саткан ишкер болгон. 1-декабрда таң эрте белгисиз бирөөлөр анын автоунаасын торой токтотуп, башка атып кетишкени айтылууда.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн