Кара-балта шаарындааянты 500 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бала бакча 1997-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Андан кийин бала бакчанын имаратын мыйзамдаштыруу максатында 2001-жылы мамлекеттик органдардын чечиминин негизинде бала бакчанын имаратынын жана аймагынын базасында дыйкан чарбасы (сүт иштетүүчү жана нан бышыруучу цехтер) түзүлгөн.
Кийинчерээк, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алуу менен жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен окуучуларды коммерциялык максатта айдоочулукка үйрөтүү үчүн аталган социалдык маанилүү объектинин аймагында авто мектеп ачылган.
Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 4-июль күнү, социалдык объект бала бакча катары пайдалануу үчүн мамлекеттик баланска кайтарылды.
Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн