Кара-Балта шаардык кеңешине шайланган "Элдик-Народный" партиясынын лидери Назми Бадаловдун "Тойота Камри" унаасын түндө белгисиз адамдар аткылап кетишкен. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.
Маалыматка таянсак, окуя 19-апрелден 20-апрелге караган түнү саат 03:30дар чамасында орун алган.
Бадалов жетектеген партия шаардык кеңеште 5 мандат алууга жетишкен.
"Элдик-Народный" партиясы 2021-жылдын бюджети боюнча нааразылык билдирип Башкы прокуратурага кайрылгандан кийин аталган окуя болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн