Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Балтада "Ишеним", Токтогул шаарында "Ата-Журт Кыргызстан" жана Таш-Көмүрдө "Жаштар" партиясы алдыга чыкты

11.04.2022 09:25
526
Кара-Балтада "Ишеним", Токтогул шаарында "Ата-Журт Кыргызстан" жана Таш-Көмүрдө "Жаштар" партиясы алдыга чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясынын  маалыматына ылайык, 10-апрелде Токтогул шаардык кеңешине шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 35,76% (4645 адам) катышты.


Анда “Ата-Журт-Кыргызстан” 18,47%, “Тынчтык” 15, 74%, “Ынтымак” 15,05%, “Бирге-Вместе” 13,43%, “Мекен ынтымагы” 12,70%, “Ишеним” 11,80% , ал эми “Эл үмүтү” партиясы 11,60% доуш алды.


Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайлоодо үч партия катышып, добуш берүүчүлөрдүн 30,95% (7703 адам) келди.


Анда “Жаштар” 45,35%, “Ата-Журт-Кыргызстан” 38,50% жана “Ынтымак” партиясы 14,62% добуш топтоду. Баарына каршылар 1% жакын болду.


Ал эми Кара-Балта шаарында өткөн шайлоонун жыйынтыгында “Ишеним” партиясы 23,66% добуш менен алдыга чыкты. Андан кийинки орунду “Күчтүү коом – сильное общество” партиясы 19,73% добуш менен ээледи. Социал демократтар үчүнчү (16,90%) болду.


Кара-Балтада “Ыйман-Нуру” 14,26%, “Альянс” 13,99%, “Эл аман” партиясы 9,09% добуш топтоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн