Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:12
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кара-Балтада сулуулук салонун жамынып, кумар оюндары иштетилген жер аныкталды

21.01.2021 11:04
490
Кара-Балтада сулуулук салонун жамынып, кумар оюндары иштетилген жер аныкталды

Финполдун Жайыл жана Пафилов райондук бөлүмдөрү Кара-Балта шаарында сулуулук салонун жамынып алып, кумар оюндарын уюштурулган жерди аныктады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.


"Кара-Балтадагы Карл-Маркс - Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Лаванда" сулуулук салонун жамынып алып, онлайн азарттык оюндарын уюштурган жер астындагы кумар клубу табылды. Тинтүү учурунда атайын программалык камсыздоо, акча жана башка нерселер менен компьютердик жабдуулар орнотулгандыгы аныкталды. Текшерүү учурунда  ал жерде оюн ойноп жаткандар болгон", - деп жазылат билдирүүдө.


Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, учурда тергөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн