Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кара-Балтада жеке менчикке өтүп кеткен оорукананын имараты кайтарылды

10.06.2021 15:07
867
Кара-Балтада жеке менчикке өтүп кеткен оорукананын имараты кайтарылды

Кара-Балтада саламаттык сактоо мекемесинин имараты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасына караштуу баасы 2 млн 190 миң сом болгон имаратын жеке тарапка мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Прокурордук текшерүү учурунда, Кара-Балта шаардык мэриясынын чечими менен Р.А. аттуу жаранга жалпы аянты 224,20 чарчы метрди түзгөн аталган райондун бириккен аймактык ооруканасынын стерилизациялык бөлүмүнүн имараты мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгендиги такталды.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен мэриянын чечимин жараксыз деп табуу жөнүндөгү прокуратуранын доо арызы толугу менен канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы оорукананын имараты муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн