Кара-Балта шаарындагы техникалык-экономикалык колледжинин директору, кыргыздын чыгаан уулу, кесипкөй адис Тилек Трукмен уулу дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев социалдык тармактагы баракчасынан маалымдады.
“Тилек өзүнүн көз карашы бар, принциптүү
жана илими терең инсан эле. Бул өмүрдө көп шакирттерди окутуп, өзүнүн жолун
улантуучуларды тарбиялап өстүрүп кетти”, - деп белгиледи депутат.
Тилек Трукмен уулу Кара-Балта шаардык кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты болуп да эмгектенген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн