Кара-Балта шаарынын базары жуманын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү дезинфекцияга жабылат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдирди.
Мындай чаралар коронавирус илдетин алдын алуу жана шаар тургундарына санитардык-эпидемиологиялык жактан коопсуздукту камсыздоо үчүн жүргүзүлүп жатканы айтылат.
Маалым болгондой, Жайыл району боюнча коронавирус 98 адамдан аныкталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн