Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Аалыев өздөрүнүн кызматтык унааларын медициналык кызматкерлерге колдонууга берди.
Мэриянын маалыматына караганда, унаа аймактык бириктирилген ооруканасына жана Жайыл райондук үй-бүлөлүк медициналык борборуна пандемия учурунда колдонууга берилди. Мындан тышкары, жасалма дем алдыруучу аппарат жана кычкылтек концентраторлорун, тез жардам кызматынын унаасына күйүүчү май куюууга шаардык бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөн.
"Жуманын башында мэрияга оорукананын директору кайрылып, медициналык аппаратарды алууга жардам берүүнү суранган. Мэр Данияр Шабданов шаардык кеңешке кайрылган. Кара-Балта шаардык кенештин төрагасы Алмаз Аалыев кезексиз жыйын өткөрүп, анда депутаттар маселени колдоого алышты. Эки жуманын ичинде керектүү жабдыктар алынат", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн