Бишкекте көмүрдүн баасы текшерилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Мекеме 25-октябрдан тарта Экономика жана соода министрлигинин буйругу менен Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин эске салды.
Аталган кызмат Мурманская көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинде жайгашкан көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүзгөн. Эч кандай мыйзам бузуулар табылган жок. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече көмүрү 4 миң 700 сомдон, ал эми импорттук көмүрү 6 миң 200 сомдон сатылууда.
Ведомство кошумчалагандай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында аталган кызмат көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жүргүзүп, белгиленген максималдуу нарктын колдонулушун көзөмөлдөп, чарба жүргүзүүчү субъекттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн