Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер көчкү Дыйкан – Кара-Кече жолунун 37-чакырымында 15-сентябрда жүрүп, Кара-Кече суунун тосуп калган.
"Жумгал районунун Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими менен жол убактылуу жабылды. Учурда жер көчкү токтогон жок. 500-600 м3 болгон жер массасы Кара-Кече суусуна жылып жатат", - деп билдирет минристрлик.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн