Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кара-Кече көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводу курулат

30.10.2023 17:32
759
Кара-Кече көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводу курулат


"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен кытайлык "Жиксиу Ксинке Диншен Коал Вошинг Эквипмент" компаниясынын ортосунда Кара-Кече көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводун биргелешип куруу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган келишим КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайдын Синьцзиян уйгур автономный облусуна болгон иш-сапарынын алкагындагы кызматташтыктын негизинде ишке ашырылууда. Келишимге "Кыргызкөмүр" МИнин директору Азамат Сеиткожоев жана кытайлык компаниянын директору Го Шу Цай кол койду. Келишимдин максаты:

1. эки тараптуу бул келишимде КР Нарын облусунда жайгашкан "Кара-Кече" көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуучу заводдун курулушун биргелешип жүргүзүү жана тараптардын узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу багыттагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатын көздөйт.

2. Жалпы тажрыйбада аныкталгандай тараптар тең укукта, ишеним менен сый-урматтын алкагында өз эрктери менен кызматташууну ишке ашырууга ниеттенишүдө.

3. Ушул келишимди ишке ашырууда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ишмердик жүргүзүшөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн