Бүгүн, 1-августта Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуу иштери башталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка таянсак, бүгүнтөн тарта көмүр казуу иштери башталып, калкка жана жылуулук электр борборлоруна ташуу иштери жүргүзүлө баштады.
Мекеменин билдиришинче бир тонна кара алтындын көмүр кениндеги баасы 1 миң 450 сомду түзөт. Ал эми башка аймактарга жеткирүүдө канча акы кошулары мекеменин көзөмөлүндө эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн