Бүгүнкү күнү Дыйкан—Кара-Кече жолу убактылуу жол менен камсыз болуп, көмүргө келчү оор жүк ташуучу автоунаалар каттай баштады жана үзүлгөн электр чубалгылары толугу менен калыбына келтирилип, “Кара-Кече” кесими жарык менен камсыз болду. Учурда иш толук кандуу жүрө баштады. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол жасоого Жол жана транспорт министрлиги тарабынан 1 экскаватор жана 2 "Хово" автоунаасы, №24 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер жана 1 погрузчик техникасы жумушка тартылган. “Кыргызкөмүр” тарабынан 1 бульдозер бөлүнгөн.
Эске сала кетсек, премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн, натыйжасында оор жүк ташуучу техникалардын өтүүсүнө шарт түзүү, жолду тазалоо иштери туралуу пландар түзүлгөн. 10 күн ичинде убактылуу жаңы жол салынары белгиленип, ошондой эле мындан ары коопсуз жол салуу боюнча иштер жүргүзүлөөрү айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн