Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Кеченин көмүрү жагылбайт. Калаа башчысы ыш маселесин чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын айтты

01.03.2023 11:13
172
Кара-Кеченин көмүрү жагылбайт. Калаа башчысы ыш маселесин чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын айтты

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылы аткарыла турган иштер тууралуу маалымат жыйын өткөрүүдө.


Маалымат жыйында калаа башчысы Бишкектеги ыш маселесин кантип чечерин айтып берди.



"Бишкекте 47 от казан бар. Алардын 22си көмүр менен иштейт. Аларды газ менен иштетели деп Түркиядан жаңы жабдууларды алып койдук. Жылытуу сезону бүтөрү менен кое баштайбыз

Калориясы аз, бирок ышы көп Кара-Кече көмүрүн Бишкекте колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштап, муну өкмөт колдоду

Бишкектин тегерегиндеги 47 жаңы конуштун 22сине газ кирген эмес. Алардын бешине быйыл газ кошуп, калганына  2024-2025-жылдары жеткиребиз

Европада жылуулук насостору деген бар экен. Барып көрүп келдим. Жер алдынан чыккан суу менен үйлөрдү жылытса болот. Бул технология көмүрдөн да, газдан да арзан түшөт. Аны алып келүү боюнча чехиялык адистер менен сүйлөшүп жатабыз",- деди Абдыкадыров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн