Бугу 23, 2025
Убакыт: 08:15
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Кара-Көл ШИИБдин башчысы кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды

05.03.2021 12:06
690
Кара-Көл ШИИБдин башчысы кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды

УКМК Ички иштер министрлиги  менен биргеликте, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад шаарынын Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Аркыт Нусубалиевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Аталган иш КЖБРне катталды. 


Нусубалиев 2020-жылы декабрь айында жасалма каттоо документтери менен 2019-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунааны кызыкдар тараптарга мыйзамсыз өткөрүп бергендиги аныкталды, ал буга чейин Жалал-Абад облусунун Жол кайгуул кызматы тарабынан кармалган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн