Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кара-Көлдө 1,5 тонна кара куурай жок кылынды

13.08.2020 10:57
982
Кара-Көлдө 1,5 тонна кара куурай жок кылынды

 

Кара-Көл шаардык милициясы тарабынан 1,5 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБи тарабынан 3-августан 9-августка чейинки аралыкта, “Кара куурай” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө бир гектарга жакын аянтта өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынган.


“Аталган иш-чараны өткөрүүгө коомчулук менен биргеликте жалпысынан 35 адам тартылып, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн. Кара куурайды оруп жок кылууга катышып жаткан жергиликтүү айыл тургундары мындан кийин да ушул сыяктуу иштерге активдүү катышарын билдиришип, жаштарды баңгизаттан, спирт ичимдиктеринен алыс болуп, сергек жашоого үндөп кетишти”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн