Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Көлдө дарыяга тушүп кеткен адамдын өздүгү аныкталды (фото)

16.06.2020 17:25
1111
Кара-Көлдө дарыяга тушүп кеткен адамдын өздүгү аныкталды (фото)

 

Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына агып кеткен адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, ал Карак-Көл шаарынын 31 жаштагы
Н.Н. аттуу тургуну экени аныкталган. Анын атасы Д.Г. милицияга кайрылып, баласы 2 досунун көз алдында Кара-Суу дарыясына секирип түшүп кеткен боюнча чыкпай калганын, шериктери аны күтүп отуруп чыкпаган соң үйүнө кетип калгышканын билдиришкен.


Ал эми учурда издөө иштерине 10 куткаруучу жана 5 милиция кызматкери тартылганы айтылат.


Буга чейин 14-июнь күнү саат 12:43 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Кара-Суу дарыясына эркек адам түшүп кеткендиги айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн