Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Досунун сууга чөгүп кеткенин көрүп жардам бербегендерге иш козголбойт

17.06.2020 14:46
1017
Досунун сууга чөгүп кеткенин көрүп жардам бербегендерге иш козголбойт


Кара-Көл шаарында 14-июнь күнү 31 жаштагы Н.Н. аттуу адамдын Кара-Суу дарыясына түшүп кеткенин көрүп жардам бербеген досторуна азырынча кылмыш иши ачылбайт. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.


“Учурда издөө иштери жүрүп жатат. Сууга агып кеткен Н.Н. аттуу жарандын денеси табылса, атайын эспертизалар дайындалып, тергөөнүн жүрүшүндө анын сууга түшкөнүн көргөн  адамдардын жоопкерчилиги каралат”, - деди басма сөз катчы.


Белгилей кетсек, Карак-Көл шаарынын 31 жаштагы Н.Н. аттуу тургуну 2 досунун көз алдында Кара-Суу дарыясына секирип түшүп кеткен боюнча чыкпай калган. Шериктери аны күтүп отуруп чыкпаган соң үйүнө кетип калышканын билдиришкен.


Буга чейин 14-июнь күнү саат 12:43 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Кара-Суу дарыясына эркек адам түшүп кеткендиги айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн