Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 08:09
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.030
1.065

Кара-Көлдө жаңы төрөлгөн 136 ымыркай пландык эмдөөдөн өткөн эмес

27.07.2020 09:58
979
Кара-Көлдө жаңы төрөлгөн 136 ымыркай пландык эмдөөдөн өткөн эмес


Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 136 ата-эне баласы төрөлгөндө алуучу пландык эмдөөдөн баш тартышкан. Бул туралуу шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришкен.


Маалыматка ылайык, соңку алты айда 136 ымыркайга пландык эмдөө жасалган эмес. Алардын ата-энелеринин көбү диний көз караштар менен жана башка жагдайлардан улам эмдөөдөн баш тартышкан.


Ата-энелер менен тиешелүү кызматкерлер иш алып барып, бирок алар макул болушкан эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн