Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кара-Кулжа РИИБдин милиция кызматкерине курал менен кол салган жаран кармалды

03.02.2021 14:39
8243
Кара-Кулжа РИИБдин милиция кызматкерине курал менен кол салган жаран кармалды

2021-жылдын 3-февраль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан

тынымсыз жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын

13-январында Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерлерине ок атуучу курал менен

капысынан кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу Кара-Кулжа РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Бул окуя боюнча Кара-Кулжа РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына

катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 39-130-беренеси менен Кара-Кулжа

РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  каттоого

алынып,  сотко чейинки өндүрүш ачылып, кылмыштын бетин ачуу боюнча

тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн болчу.

Кылмышка шектүү жаран Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айылынын тургуну

46 жаштагы У.А. тергөө кызматына  алынып келинди.


Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран аталган кылмышты

жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берип, көп жыл мурда милиция кызматкерлери

менен жеке пикир келишпестиги болгон учурду эстеп, өзү мыйзамсыз алып

жүргөн ок атуучу куралын алып келип түн караңгыда кызматкерлерди атып

жибергендигин билдирди.


Түнү менен үйүнө кайтып келип  кийип жүргөн кийимин жана мылтыктын

кундагын үйүндөгү мешке жагып жиберген дагы жана мылтыктын найын

(стволун) үйүнүн короосуна кире беришиде орнотулган дарбазанын түтүгүнө

салып жибергендигин көрсөткөн.


Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери тарабынан  буюм далилди алуу максатында

дарбазынын түтүктөрү текшерилип, андагы жашырылган мылтыктын стволу

табылды. Дарбазанын түтүгүн кесип мылтыктын стволун далил буюм катары

экспертиза кызматына өткөрүлүп берилди.


Учурда Кара-Кулжа РИИБүнүн кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш

иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Мурат
Бул аканы жакшы тааныйым бечараны жон жерден эле камадынар акыйкат жок бизде озу карап туруп ким бечара ошону эптеп куноону мойнуна илесинер
Элдик ой пикир
Дагы бир байкушту кармады да куноосуз.Кылмыш кылгандар акча менен кутулуп
Улук
балким озунор мылтыкты салып адатынарча карапайым бирону какшатып жаткандырсынар силерден ар нерсе кутсо болот озунордун ичинерде пикир келишбестик болуп кураынын колсалышынар тоолук мумкун