Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кара-Кулжа районунда жер көчкү жүрүп, жол 2 метрге чейин чөккөн

24.05.2022 12:11
314
Кара-Кулжа районунда  жер көчкү жүрүп, жол 2 метрге чейин чөккөн

Кара-Кулжа районунда  жер көчкү жүрүп, жол 2 метрге чейин чөккөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


22-май күнү Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын башчысы Б.Айсаев Чалма айыл аймагынын Токбай-Талаа – Буйга жолунда 10-15 сантиметрге чейин жер көчкү жаракалары пайда болуп, жол чөккөндүгү жөнүндө Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнө билдирген. 


Козголгон жер көчкүнү жеринде көрүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.Шамырканов баштаган ӨКМдин облустук башкармалыгынын жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, активдешкен жер көчкүдө изилдөө иштерин жүргүзүштү.  


Натыйжада жолдун узуну 150 м, аралыгы 1 метрден 2 метрге чейин жол чөккөн. Ошондой эле жолдун өзүндө, тоо беттеринде көптөгөн жер жаракалары пайда болгону аныкталган. Буйга айылын электр энергиясы менен камсыз кылуучу 3 мамыча жер көчкү нугунда жайгашып, көчкү басып калуу абалда калган. Мындан улам Чалма айыл аймагынын Буйга, Беш-Кемпир айылдарындагы 276 кожолукту тактап айтканда, 1727 жаранды борбор менен байланыштырган жол каттамы үзгүлтүккө учурады.


Ошондой эле адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кара-Кулжа райондук МАИ кызматкерлери тарабынан пост уюштурулуп, айыл башчысы тургундарга жолдун абалы, жолго чыкпоо боюнча ватсап группалары аркылуу кабар таркаткан. Мындан сырткары жолду калыбына келтирүү, 3 электр мамычасын жылдыруу боюнча тапшырмалары тиешелүү тармактарга берилди. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн