Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кара-Кулжа районунда калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери коррупция боюнча кармалды

18.05.2023 13:31
735
Кара-Кулжа районунда калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери коррупция боюнча кармалды

Кара-Кулжа райондук калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.


Маалым болгондой, комплекстүү иликтөөнүн жүрүшүндө айтылган бөлүмдүн кызматкерлери калкка көрсөткөн көмөгүнө мыйзамсыз акча алып турушканы аныкталган.


Топтолгон далилдердин негизинде УКМКнын Ош облустук башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 251-беренесинин 1-бөлүмү (кызматкердин мыйзамсыз сый акы алуусу) менен иш козгоп, шектүүлөр: Кара-Кулжа райондук калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Т.га жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча кызматкери М.Т.А.га айып коюлган.


Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле бөлүмдүн жетекчиси Ж.Ж.Ж.га да айып тагылган болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн