Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кара-Кулжа районунда жаңы үч ФАП колдонууга берилди

21.07.2023 09:06
495
Кара-Кулжа районунда жаңы үч ФАП колдонууга берилди


Кара-Кулжа районунун аймагында 3 фельдшердик-акушердик пункт колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Райимбек Термечиков атындагы фельдшердик-акушердик пунк (Сары-Булак), Сары-Күнгөй фельдшердик акушердик пункт жана Ак-кыя фельдшердик акушердик пункттары иштей баштады.

Ачыш аземине президенттин өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Толтоев калктын саламаттыгы үчүн жасалып жаткан аракеттерди айтып, калкты сапаттуу медициналык жактан тейлөөдө жана биринчи же баштапкы медициналык жардамдарды көрсөтүүдөгү медицина кызматынын коомдогу ролун жогорулатуу жана медициналык мекемелердин материалдык техникалык базаларын чыңдоодогу жасалып жаткан жумуштарга токтолуп, дени сак коомду түзүү, сергек жашоо образын калыптандыруу баарыбыздын милдетибиз экендиги баса белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн