Оштун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына кулап кеткен Porter унаасынын ичиндеги эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
"Суудан 37 жана 28 жаштагы эки аялдын сөөгү табылды. Төрт жашар кызды издөө улантылууда", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кырсык 24-июнда саат 22.00дөр чамасында болгон. Анда айдоочу Көңдүк айылындагы "Асыран бий" көпүрөсүнөн өтүп баратып рулга ээ боло албай сууга кулаганы айтылган. Машинанын ичиндеги айдоочу менен өспүрүм баланы жергиликтүү тургундар аман алып калып, дагы үч киши изделип жаткан болчу.
Издөө иштерине 19 куткаруучу, эки милиция кызматкери жана 40тай жергиликтүү тургун тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн