Теке 03, 2024
Убакыт: 12:40
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Кара-Кулжада селден 3 адам каза болуп, дагы бирөө изделүүдө

Кара-Кулжада селден 3 адам каза болуп, дагы бирөө изделүүдө


Кара-Кулжада селден 3 адам каза болуп, дагы бирөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 30-июнда саат 22:15 чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрүп, "Deo Матиз" үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен.

"Унаанын ичинде 5 жаран болгон, 1 жаранды жергиликтүү жарандар куткарып, калгандарын сел алып кеткен. Учурда куткаруучулар тарабынан 3 жарандын жансыз денеси табылып, бирөөсү изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн