Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кара-Кулжадан келип, Ошто адам тоногон жарандар кармалды

02.09.2021 16:00
725
Кара-Кулжадан келип, Ошто адам тоногон жарандар кармалды

Кара-Кулжадан келип Ошто адам тоногон жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнө Ош шаарынын 1995-жылы туулган жашоочусу 16-июль күнү арыз менен кайрылган. Ал арызында аны Ош шаарынын Ленин көчөсүндө түнкүсүн бара жатканда белгисиз үч жаш жигиттер коркутушуп, ага караштуу, кымбат баалуу «Айфон» үлгүсүндөгү телефонун алып койгондугун билдирген.


Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү үч жарандын өздүгү аныкталып, издөө иштери башталган. Натыйжада, 31-август күнү бул кылмышка тиешеси бар 3 жаран: 1997 –жылы туулган Ж.А, 1994-жылы туулган А.уулу А., 1998-жылы туулган А.уулу М. Кара-Кулжа районунун аймагынан кармалып келинди жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн алардын баш коргоо чаралары каралмакчы. 


Тоноо фактысы боюнча тергөө иштери уланууда. 


Учурда бул кылмыштуу топтун ушул сыяктуу тоноо иштеринде катыштыгы барбы, жокпу иликтенип жатат.                   

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн