Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кара-Суу районунда 14 жаштагы кызды никеге туруу максатында ала качкан 4 жаран кармалды

29.01.2022 12:41
727
Кара-Суу районунда 14 жаштагы кызды никеге туруу максатында ала качкан 4 жаран кармалды

Кара-Суу районунда ала качуу фактысы менен 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.




2022-жылдын 26-январында саат 22:30 чамасында, Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Кылым-Ордо” аталышындагы чайкананын алдынан, Кара-Суу шаарынын тургуну 14 жаштагы Н. Н., аттуу жаранды (кыз бала) никеге туруу максатында Кара-Суу районунун тургуну 25 жаштагы И уулу Б., аттуу жаран өзүнүн айылдаш 3 досу менен, “Дэу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасына салып, Талдык айылындагы турак- жайына алып качкандыгы кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган.


Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, жогоруда көрсөтүлгөн атуулдар такталып, тергөөгө камсыз кылынган.


 Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.


 Ошондой эле, Н.Н., аттуу жарандын денесинде жарааты бар же жоктугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.


  Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, шектүү катары кармалган жарандар И.уулу Б., М. уулу У., А.С., жана О. уулу А., аттуу жарандарга катара Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн