Бугу 04, 2024
Убакыт: 23:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Суу районунда 22 жаштагы келиндин сөөгү эгин талаадан табылды

21.04.2022 12:59
714
Кара-Суу районунда 22 жаштагы келиндин сөөгү эгин талаадан табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айылында 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды.


Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, маркумдун сөөгү 20-апрелде эгин талаасынан табылган. Бул факты боюнча алдын ала текшерүүдө каза болгон жаран Алай районунун тургуну, 2000-жылы туулган М. кызы А. экендиги аныкталды.


"Маркумдун жакындарынын айтымында, ал 14-апрелде жолдошунун үйүнөн ата-энесинин үйүнө барган. Ал төркүнүнө эч кандай көйгөйлөрүн айткан эмес. Денесинде эч кандай жаракаттар болгон эмес жана ошол эле күнү дайынсыз болуп жоголгон. Анын дайынсыз жоголгондугун жакын туугандары эч кимге айтып, арыз менен кайрылган эмес. Учурда маркумдун эмне себептен каза болгондугун тактоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн