Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кара-Суу районунда 320 орундуу жаңы мектеп ачылды

21.10.2022 16:59
569
Кара-Суу районунда 320 орундуу жаңы мектеп ачылды

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Эшме айылындагы №109 Абдыразак Муратов атындагы орто мектебинин жаңы 320 орундуу имараты пайдаланууга берилди.


Ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, орун басары Эрнис Толтоев ,“Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.


Аталган мектеп имаратынын курулушу Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан 2021-жылдын июль айында башталган. Мектепте 13 класстык бөлмө, 1 архив, 1 лаборатория, 30 орундуу ашкана, спорт зал, актовый зал, китепкана жана мектеп администрациясы колдоно турган 2 бөлмөсү бар. Мектепте азыркы күндө 21 мугалим 273 окуучуга билим-тарбия беришүүдө. Мектептин ички жабдууларын даярдоого Катта-Талдык айыл өкмөтү тарабынан 400 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.


Ошондой эле ушул эле кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл аймагынын Ак-Кыя айылында 250 орундуу жаңы окуу имаратынын расмий ачылыш салтанаты болуп өттү. №41 М.Ибраимов атындагы орто мектебинин жаңы заманбап окуу имаратынын курулуш иштери 2021-жылдын ноябрь айында башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн