Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Суу районунда 500 миң сом жана зергер буюмдарды уурдоого шектелип 19 жана 17 жаштагы балдар кармалды

05.02.2022 14:03
544
Кара-Суу районунда 500 миң сом жана зергер буюмдарды уурдоого шектелип 19 жана 17 жаштагы балдар кармалды

500 миң сомдон ашык чыгаша. Кара-Суу районунда акча каражатын жана зергер жасалгаларын уурдашкан 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 4-февраль күнү жалпысынан беш жүз миң сомдон ашык акча каражатын жана алтын жасалгаларын уурдаган жарандар кармалды. 2022-жылдын 14-январдан 16-январга караган түнү Кара-Суу районунда жайгашкан турак үйдүн ичинен 350000 (үч жүз элүү миң) сом, 1000 (миң) АКШ доллар жана алтын буюмдарды уурдап кеткен, ошондой эле 2022-жылдын 30-январында Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айыл аймагында жайгашкан үйдүн ичинен 89 600 (сексен тогуз миң алты жуз) сом акча уурдоого шектелген 2 жаран кармалды.


Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу районунун тургундары 19 жаштагы Б.А., жана 17 жаштагы Ж. у. Ж. аттуу жарандын инсандыгы аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. 


Жогоруда көрсөтүлгөн факт Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 

Ошондой эле, 2022-жылдын 16-январында Кара-Суу районунун тургундары 55 жаштагы К.Б. жана 30-январында 43 жаштагы А.Ж. аттуу жарандардан арыз келип түшкөн. 


Кылмышка шектүү 19 жаштагы Б.А. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген, ал эми кылмышка шектүү Ж. уулу Ж. жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылды. Учурда шектүүлөр тарабынан башка кылмышка катыштыгы бардыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн