Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кара-Суу районунда ири логистикалык борбор курулат

29.06.2023 09:19
790
Кара-Суу районунда ири логистикалык борбор курулат


Ош облусунун Кара-Суу районунда ири логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.


Министрлер кабинетинин чечими менен Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу жерлер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай багытындагы жерлер” категориясына которулганы айтылган.


Ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдиргендей, логистикалык борбордун курулушу облуска инвестиция тартып, жаңы ишканалардын ачылышына, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө жана жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө шарт түзөт.


Аны курууга 1,4 гектар жер бөлүнгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн